Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29-чакырылган кезектеги IX (тогузунчу) сессиясы
2025-жылдын 08-июлу № 43/IX-29
Таш-Башат айыл тургундарынын “Таш-Башат айылына футбол талаасын салууга мурда алынган темир шаймандары мектептин, мечиттин тегерегин тосууга, жарыктандыруу орнотууга, башка багытка колдонууга макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусун кароо жөнүндө
Таш-Башат айыл тургундарынын “Таш-Башат айылына футбол талаасын салууга мурда алынган темир шаймандары мектептин, мечиттин тегерегин тосууга, жарыктандыруу орнотууга, башка багытка колдонууга макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусун Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. 2023-2024-жылдары Таш-Башат айылына алынган футбол талаасын салуу үчүн алынган материалдарды башка багытка колдонууга уруксат берилсин.
2. Алынган материал Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен кайсы багытка, канча материал колдонулары аныкталсын жана өз милдетине багыты өзгөрүлгөн материалдардын колдулушун көзөмөлдөө милдеттендирилсин.
3. Бюджет жана каржы маселеси боюнча труктуктуу комиссиянын төрайымы, Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасы бул маселенин так жана туура аткарылышын көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |