Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29-чакырылган кезектеги IX (тогузунчу) сессиясы
2025-жылдын 08-июлу № 44/IX-29
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетининакча каражатын жылдырууга жана 2025-жылдын 05-февралындагы Ысык-Ата айылдык Кенешинин №21/Ⅳ-29 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025- жылдын бюджетин, айыл өкмөтүнүн “Маданият” бөлүмүнүн штаттык жүгүртмөсүн бекитүү, ТЖКЧ “ЖКХ” бөлүмүнүн штаттык жүгүртмөсүн кыскартуу жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин божомол прогнозун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 07-июлундагы №03-13/1312 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги акча каражатын жылдырууга макулдук берүү жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражатын жылдырууга жана 2025-жылдын 05-февралындагы Ысык-Ата айылдык Кенешинин №21/Ⅳ-29 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылдын бюджетин, айыл өкмөтүнүн “Маданият” бөлүмүнүн штаттык жүгүртмөсүн бекитүү, ТЖКЧ “ЖКХ” бөлүмүнүн штаттык жүгүртмөсүн кыскартуу жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин божомол прогнозун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Аппарат бөлүмүнүн 3112 беренесиндеги эмеректерди сатып алууга каралган 300,0 мин сом акча каражаты жана 2111 беренесиндеги бош ваканттык орундардын эсебинен үнөмдөлгөн 250,0 мин сом акча каражаты жана соц фонд. төлөмүнөн үнөмдөлгөн 50,0 мин сом акча каражаты жана Клуб бөлүмүнүн 2215 беренесиндеги 9-май Жениш күнүнүн 80 жылдыгын өткөрүүгө каралган 200,0 мин сом акча каражатынын колдонулбай калган 100,0 мин сом акча каражаты жалпысынан 700,0 мин сом акча каражаты ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесине Алмалуу айылынын Бөкөнбаев көчөсүнө асфальт басууга туурасына 50 см. кошуу үчүн кошумча келишимдин негизинде жылдырууга макулдук берилсин.
3. “ЖКХ” бөлүмүнүн 2111 беренесинде штатты кыскартууга жөлөк пул (компенсация) катары төлөөгө каралган акча каражатынын 214,0 мин сомун жана 2121 беренесинде социалдык төлөмдөргө каралган акча каражатынын 40,0 мин сомун жана 3113 беренесинде көчөт сатып алууга каралган акча каражатынын 61,0 мин сомун жалпысынан 315,0 мин сом акча каражаты төмөнкүлөргө жылдырууга макулдук берилсин:
-Аппарат бөлүмүнө техничка кызматкерин жалдоо үчүн жана социалдык төлөмдөрүнө 2215 беренсине жалпысынан 73,0 мин сом акча каражаты жылдырылсын.
-Алмалуу айылында жайгашкан бала бакчага кароолчу кызматкерин жалдоо үчүн жана социалдык төлөмүнө “Бала бакча” бөлүмүнүн 2215 беренесине жалпысынан 58,1 мин сом акча каражаты жылдырылсын.
-ЖКХ бөлүмүнүн 2215 беренсине 183,9 мин сом акча каражатын тийиштүү документтерди, АПУ, ИТУ, ген план жасатууга, корутундуларды алууга жана топосьемка, смета, долбоорлорду жасатууга жылдырылсын.
4. “Социалдык коргоо” бөлүмүнүн 2721 беренесинде 9-май Жениш күнүнө каралган 15,0 мин сом акча каржатынын колдонулбай калган 13,0 мин сому 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн өткөрүүгө жылдырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |