Редакцияот 09.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 9-августу № 35/ VIII

 

Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине короо жай алдындагы жер тилкесин кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

          Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 08-августундагы № 01-8/512 “С.Бостонкуловдун жеке короо жай алдындагы жер тилкесин акысыз муниципалдык менчикке алуу жөнүндө” катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 27 беренесинин 15-пунктуна, 34-беренесинин 17-пунктуна ылайык,

Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Ново-Покровка айылы, Жаштык,22 дарегинде жайгашкан Бостонкулов Сансызбайдын жеке менчиктеги аянты 400 ч.м. короо жай алдындагы жер тилкесин акысыз негизде алууга макулдук берилсин,идентификациялык код: 7-04-16-0005-0826

 

2.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына жеке менчиктеги жер участогун айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алуу үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.

 

3.Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана турак жай, агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                            Э.Ш.Мусина