Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-августунун №01-3/47
Нарзан айыл аймагынын калктуу конуштарындагы көчөлөргө жана башка курамдык бөлүктөрүнө ат берүү, кайра ат коюу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесинин 1-пунктуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген «Географиялык объекттерге ат берүү, кайра ат коюу, географиялык аталыштарды каттоо жана эсепке алуу тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясын угуп,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Нарзан айыл аймагынын калктуу конуштарындагы көчөлөргө жана башка курамдык бөлүктөрүнө ат берүү, кайра ат коюу тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Тиркеме кагаз жүзүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жайгашкан).
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылырынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э. Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.К. Кулжанов |