Редакцияот 09.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024 жылдын 9-августундагы  № 34 /VIII

Айылдык кеңештин төрайымын шайлоо жөнүндө

 

          Узун-Кыр айылдык кеңешинин төрагасы К.Б.Смановдун кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 40-беренесинин 3-пунктуна, 5-пунктуна ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги №5/II токтому менен бекитилген айылдык кеңештин Регламентине ылайык

Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ачык добуш берүү менен Элмира Шейшеновна Мусина Узун-Кыр айылдык кеңешинин төрайымы болуп шайланды деп эсептелсин.

2. Ушул токтом Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн

3.Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын 

 

 

Төрайым                                                                                 Э.Ш.Мусина