Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын II-кварталына карата аткарылган иштери тууралуу
Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесинин негизинде Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисинин балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисинин балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын II-кварталына аткарылган иштери тууралуу маалыматы эске алынсын.
2. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисине:
-укук коргоо органдары, райондук билим берүү бөлүмү, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте укук бузууларды, суициддерди, балдарга карата үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар системалуу жүргүзүлсүн.
- балдардын укуктарын жана кызыкчылыгын камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө квартал сайын Нарзан айылдык кеңешке маалымат берилип турсун.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.К.Кулжанов |