Редакцияот 26.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024 жылдын 26-июлундагы  № 30 /VII

Узун-Кыр айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө

 

          Узун-Кыр айыл аймагынын эмгек жамааттарынан, граждандык топтордон көрсөтүлүп келген резервге талапкерлердин тизмесин карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө  Жобого ылайык

Узун-Кыр айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Узун-Кыр айыл аймагынын №7130, №7147, №7148, №7149, №7150, №7151, №7410 шайлоо участкаларынын резервине талапкерлердин тизмеси бекитилсин.

2. Ушул токтом Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл  өкмөтүнүн башчысы Э.М.Алыбаевге жүктөлсүн

 

 

Төрага                                                                                         К.Б.Сманов