Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-августунун №01-3/49
16.12.2024-жылдагы №09 токтомуна "Нарзан айылдык кеңештин карамагына жана анын курамдарына тиешелүү кеңештин карамагында маселелерди кароо жана даярдоо туруктуу комиссиялары жоюу/түзүү” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып, туруктуу комиссияларды жоюу/түзүү жөнүндө угуп жана талкуулап Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Москва районунун, Чүй облусунун Нарзан айыл аймагынын Нарзан айылдык кеңешинин №09 2024-жылдын 16 декабрь айындагы "Нарзан айылдык кеңештин карамагына жана анын курамдарына тиешелүү кеңештин карамагында маселелерди кароо жана даярдоо туруктуу комиссиялары жоюу/түзүү” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, тактап айтканда №1-Тиркемеде туруктуу комиссиялардын тизмеси жана курамы, жаңы редакциясында бекитүү.
(Тиркеме кагаз жүзүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жайгашкан).
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Т.К. Кулжанов |