Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-августунун №01-3/51
Муниципалдык техника сатып алууга макулдук
берүү жөнүндө
Мамлекеттик лизинг компаниясынын 2025-жылдын 30-июлундагы №1-08-2/214 катын жана Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633 тескемесин аткаруу максатында сессия, ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Нарзан айыл өкмөтүнүн муктаждыктары үчүн «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКнан “Chevrolet Тracker” кызматтык унаасын лизингге берүүгө макулдук берилсин.
2. Ижара келишиминин бүткүл мөөнөтүнө транспорттук каражаттарды камсыздандырууга байланышкан бардык чыгымдар, ошондой эле аны тейлөөгө кеткен башка чыгымдар айыл өкмөтүнүн өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Лизингдик төлөмдөр 5 жылга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн.
4. «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК менен лизинг келишимине жана бардык коштоочу документтерге кол коюу укугу Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Эралиевич Оскомбаевге берилсин.
5. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э. Оскомбаевге аткаруу учурунда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде иш алып барсын.
6. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге тапшырылсын.
Төрага |
| К.Т. Кулжанов |