Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-сентября №01-3/52
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу алкагында, айыл аймактарда бардык салтанаттуу иш-чаралардын аякташын жана ресторандардын, банкет залдарынын, жайкы кафелердин жана ушул сыяктуу жайлардын ишинин толук токтотулушун саат 22:00дөн кечиктирбестен камсыз кылуу максатында, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө» Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Нарзан айыл аймагында бардык салтанаттуу иш-чараларды уюштуруу жана алардын убагында аякташын көзөмөлдөө, ошондой эле ресторандардын, банкет залдарынын, жайкы кафелердин жана ушул сыяктуу жайлардын ишмердүүлүгү саат 22:00дөн кечиктирбестен токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, саат 22:00дөн таңкы 07:00гө чейин (дем алыш жана майрам күндөрү таңкы 09:00гө чейин) үндүн басымы жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлин ашырууга тыюу салынсын.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй–Бишкек башкармалыгына жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э. Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| А.Т. Урманбетов |