Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-сентябрындагы №01-3/53
“Нарзан айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жыйындардын протоколдорун бекитүү жөнүндө”
Участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча эмгек жамааттары жана жарандардын жыйналыштары тарабынан берилген протоколдору менен таанышып, угуп жана талкуулап, сессия,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Нарзан айыл аймагынын 13 участкалык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү талапкерлер тиркеме №1 ылайык бекитилсин:
(Тиркеме кагаз жүзүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жайгашкан).
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| А.Т. Урмамбетов |