Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-сентябрындагы №01-3/55
«Бюджеттин киреше бөлүгүнүн кыскартуу жөнүндө»
Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, 2025- жылдын 8-январындагы № 1 Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартуу маселеси угулуп, талкууланып, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Төмөнкү салык түрлөрү боюнча планды кыскартуу:
-Юридикалык жактар үчүнтранспорт каражаттарына салык – 526,3 ми;
- Жеке адамдар үчүнтранспорт каражаттарына салык – 6 200,0 миң сом;
- Айыл чарба багытындагы жерлерге жер салык – 2 456,1 миң сом.
Жалпы: 9 182,4 миң сом
2. Жогоруда көрсөтүлгөндүн негизинде төмөнкү бөлүм жана берене боюнча чыгаша бөлүгүн кыскартуу каралсын;
Б.71093 “Социалдык коргонуу кызматы” берене 31113290 “Башка курулмаларды куруу жана сатып алуу “ - 9 182,4 миң сом
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысына ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтүп, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| А.Т. Урманбетов |