Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 08-сентябрынын №01-3/56
«Айыл чарба багытындагы жерлерге болгон жер салыгы жана транспорт каражаттарына болгон салыктын түшпөй калган суммасы боюнча республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү жөнүндө» (жалпы суммасы – 9 182,4 миң сом)
Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, айыл чарба багытындагы жерлерге болгон жер салыгы жана транспорт каражаттарына болгон салыктын түшпөй калган суммасынын ордун жабуу максатында республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү маселеси угулуп, талкууланып, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Айыл чарба багытындагы жерлерге болгон жер салыгы жана транспорт каражаттарына салыктын түшпөй калган суммасы боюнча республикалык бюджеттен бөлүнгөн максаттуу трансферттерди төмөнкү бөлүм жана беренелерге багыттоо:
70629 «Башка турак жай-коммуналдык кызматтар»:
- 31113290 «Курулуштарды сатып алуу жана куруу» – 3 000,0 миң сом
- 22211200 «Курулуштарды учурдагы оңдоо» – 2 682,4 миң сом
- 31113320 «Жолдорду капиталдык оңдоо» – 3 500,0 миң сом
2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысына ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтүп, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүүгө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| А.Т. Урманбетов |