ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы
2021-жылдын 14-октябры № 4-2
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо боюнча “Диалог аянтча жөнүндө ЖОБОну бекитүү тууралуу
Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында токтом кылам:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо боюнча “Диалог аянтча жөнүндө ЖОБО бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдү айыл өкмөт башчысы Э.Ж.Кочкорбаев жүргүзсүн.
Төрага: |
| К. Бейшеналиев |