Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20 – октябрындагы № 01-3/59
"Жергиликтүү курултайды чакыруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Элдик Курултайдын кезектеги төртүнчү жыйынын өткөрүү жөнүндө" Жарлыгынын, "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын негизинде, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Нарзан айылдык Кеңешинин сессиясы карап жана талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 "Кезектеги төртүнчү Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгы аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1-Тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Элдик Курултайдын делегаттарынын квотасына ылайык делегаттарды сунуштоонун нормалары калктын саны 30001ден көп - 150 катышуучу/делегаттыкка талапкер бекитилсин.
Калктын жалпы санынан (36058 адам) 21 жана андан жогорку жаштагылар көрсөтүлөт - 3 делегат:
- Беловодское айылы – 24185 адам, 100 делегаттыкка талапкерлер;
- Кош-Дөбө айылы - 1765 адам, 8 делегаттыкка талапкерлер;
-Ак-Суу айылы - 10108 адам, 42 делегаттыкка талапкерлер.
4. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүүжыйындарды өткөрүү графиги 2-Тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Москва районунун Беловодск айылындагы "Жаштар үйү" клубунда Элдик Курултайга делегаттарды тандоо - 2025-жылдын 01-ноябрында саат 10-00до өткөрүү боюнча календарлык планга ылайык жергиликтүү курултай өткөрүлсүн.
6. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоо үчүн жөнөтсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э. Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| А.Т. Урманбетов |