Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20 – октябрындагы № 01-3/60
«2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жана кыскартуу жөнүндө»
Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык мүлк, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жана кыскартуу маселесин угуп жана талкуулап, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атайын каражаттар боюнча план кыскартылсын:
- Атайын каражаттар – 3 800,0 миң сом
Бардыгы: 3 800,0 миң сом
2. Төмөнкү салык түрлөрү боюнча план кыскартылсын:
- Роялти (11 462 390) – 380,0 миң сом
- Айыл чарбага арналбаган жерлерге жер салыгы (11 321 300) – 1 600,0 миң сом.
Бардыгы: 1 980,0 миң сом.
3. Төмөнкү салык түрү боюнча план көбөйтүлсүн:
- Киреше салыгы, салык агенттери тарабынан төлөнүүчү (11 111 100) –
8 000,0 миң сом.
Киреше бөлүгүндөгү өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгы – 6 020,0 миң сом.
4. Жогоруда айтылгандардын негизинде бюджеттин чыгаша бөлүгү көбөйтүлсүн:
- Р.70921 «Орто билим берүү», берене 31123290 – «Башка эмеректерди сатып алуу» – 1000,0 миң сом
- Р.70921 «Орто билим берүү», берене 31112320– «Капиталдык оңдоо иштери» – 591,7 миң сом
- Р.70629 «Башка турак жай-коммуналдык кызматтар», берене 31121230 – «Жүк ташуучу унааларды сатып алуу» – 4 368,3 миң сом.
- Р.70111 “Аткаруучу жана мыйзам чыгаруу органы” берене 22141100 “Бензин сатып алуу” -60,0 миң сом
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберип, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине каттоо үчүн чара көрсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы Оскомбаев И.Э.ге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| А.Т. Урманбетов |