Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20 – октябрындагы № 01-3/61
«Нарзан айыл аймагындагы катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгуу тартибин уюштуруу жөнүндө Эрежелерди бекитүү тууралуу»
Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Нарзан айыл аймагынын аймагында катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгуу тартибин уюштуруу жөнүндө Эрежелерди ушул токтомго тиркемеге ылайык бекитсин жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизилсин.
(Тиркеме кагаз жүзүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жайгашкан).
2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүп, аны Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн каттоого тапшырсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы Оскомбаев И.Э.ге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| А.Т. Урманбетов |