Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20 – октябрындагы № 01-3/62
«Нарзан айыл аймагынан катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу тарифтерин бекитүү жөнүндө»
Нарзан айыл аймагынын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, муниципалдык «Таза Нарзан» ишканасынын чыгашасыз, пайдалуу жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, ошондой эле финансылык милдеттенмелерин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2026-жылдын 1-январынан тартып катуу тиричилик калдыктарын чыгарууга төмөнкүдөй тарифтерди бекитсин:
- турак үйлөрдүн жашоочулары үчүн бир адамдан айына 60 (алтымыш) сом;
- мүлк түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн 1,0 куб. м. үчүн 582 (беш жүз сексен эки) сом;
- мүлк түрүнө карабастан катуу тиричилик калдыктарын полигонго өз алдынча ташыган чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн 1 куб.м 291 (эки жүз токсон бир) сом.
2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысына ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигине каттоо үчүн жөнөтүп, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э. Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| А.Т. Урманбетов |