Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-сентябры № 51/ ХII
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин киреше,чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жана азайтуу жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 23 июлундагы № 01-9/1142 өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу, бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жана азайтуу жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 08-январындагы №1 “Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө Жарлыгына ылайык,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджетинин киреше бөлүгүн 9062,7 миң сом суммасына азайтылсын:
-транспорттук каражаттарга салык 5912,0 миң сом суммасына;
- айыл чарба багытындагы жер салыгы 3150,7 миң сом суммасына;
Бюджетинин чыгаша бөлүгүн 9062,7 миң сом суммасына азайтылсын,
бөлүмү:70629 ТЖКЧ бөлүмү:
-3111 берене "Имараттар жана курулмалар" 2062,7 миң сом суммасына;
- 3112 берене” Атайын техника сатып алуу” 7000,0 миң сом суммасына;
2025-жылдын 6 ай ичиндеги киреше салыгын планын ашыгы менен аткарылгандыгына байланыштуу, бюджеттин киреше бөлүгү 9062,7 миң сомго суммасына көбөйтүлсүн.
70629 ТЖКЧ бөлүмү:
-3111 берене "Имараттар жана курулмалар" 2062,7 миң сом суммасына;
- 3112 берене” Атайын техника сатып алуу” 7000,0 миң сом суммасына;
2. Бул токтом Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А.Минбаев |