Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-сентябры № 52/ХII
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча кредиттерди жылдыруу жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29 августундагы №01-10/1413 өткөрүлгөн тендерлерден үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу менен бюджеттин чыгаша статьяларын өндүрүштүк керектөөлөргө карата которуу зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025 жылдын 3 кварталына бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча кредиттер бөлүмдөр боюнча жылдырылсын:
“Билим берүү” бөлүмү 70911 Сакебаев атындагы мектеп
-2221 беренесинен мектептин күнүмдүк оңдоо иштеринен бөлүнгөн 490,0 миң сом
-3112 беренесине 289,0 миң сом эмерек алууга
- 3112 беренеси 201,0 миң сом кампа үчүн контейнер орнотууга
“Клуб” бөлүмү 70823 клуб Жер Казар айылы
-3111 беренесинен клубду тосууга пландалган 330,6 миң сом суммасын
-2222- беренеси 330,6 миң сом тиричилик материалдарын сатып алуу үчүн
“ТЖКЧ” бөлүмү 70629
-3111- беренеси 2112,5 миң сом суммасын
-2512-беренеси 2112,5 миң сом Жашыл Мурас муниципалдык ишканасына субсидия берүүгө жылдырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А.Минбаев |