Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын
2025-жылдын 05-декабры №4
“Буудай менен камсыздоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 24.11.2025-жылдагы №01-18/4262 чыгыш сандуу Чаткал райондук жарандык коргонууну активдештирүү боюнча 2025-жылдын 27-30-октябрында өткөрүлгөн жыйынынын протоколдук тапшырмасынын негизинде, жалпы депутаттардын сунушун эске алып, буудай сатып алуу жана түзүлгөн муктаждыктарды жабуу максатында Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар (спец) эсебинен айыл аймактын элин жазгы талаа иштери үчүн буудай менен камсыздоого жалпы суммасы 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Буудай сатып алуудагы акча каражатын жумшоодо мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага жана каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.М.Козубаев |