Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-октябры № 57/ ХIV
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин киреше,чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 08 октября № 01-9/1599 бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө катын карап жана талкуулап, өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 9 ай ичиндеги киреше салыгын планын ашыгы менен аткарылгандыгына байланыштуу, бюджеттин киреше бөлүгү 5000,0 миң сом суммасына көбөйтүлсүн;
-бюджеттин чыгаша бөлүгүн 5000,0 миң сом суммасына көбөйтүлсүн,
70629 ТЖКЧ бөлүмү:
- 3112 берене” Атайын техника сатып алуу” 5000,0 миң сом суммасына;
3. Бул токтом Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А.Минбаев |