Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын
2025-жылдын 05-декабры №5
“Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тамактанууну уюштурууну ата-энелердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыруу жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 02.12.2025-жылдагы №01-19/4389 чыгыш сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 Билим берүү Мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу баардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тамактанууну уюштуруу ата-энелердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 Билим берүү Мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык 2026-жылдын 1-январынан тартып ата-энелердин төлөмдөрү (взнос) ______1 500 (бир миң беш жүз) сомдон бекитилсин.
3. Токтомду аткарууда мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага жана каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.М.Козубаев |