Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-октябры № 58/ ХIV
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча кредиттерди жылдыруу жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 24 октябрындагы №01-10/1730 бюджеттин чыгаша статьяларын өндүрүштүк керектөөлөргө карата жылдыруу зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025 жылдын 4 кварталына бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча кредиттер бөлүмдөр боюнча жылдырылсын:
“Клуб” бөлүмү 70823 клуб Жер Казар айылы
-2222 беренесинен 227,5 миң сом суммасын
-3112- беренесине 227,5 миң сом суммасын музыкалык аспаптарды жана жабдууларды сатып алуу үчүн
2. Бул токтом Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А.Минбаев |