Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры №13/4
Сарт-Арык каналына көпүрөө орнотууга акча каражат бөлүү жөнүндө
Көк-Жар айылынын Сарт-Арык каналына көпүрөө орнотууга акча каражат бөлүү туралуу депутаттардын сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айылынын Сарт-Арык каналына көпүрөө орнотууга Ормон-Хан айыл аймагынын бюджетинен 400 000 (төрт жүз мин) сом бөлүнсүн.
2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |