Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын
2025-жылдын 05-декабры №6
“Беш-Арал айылынын айыл макамын сактап калуу жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 21.11.2025-жылдагы №01-19/4249 чыгыш сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык –аймактык түзүлүшү жөнүндө”Мыйзамынын 15-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин калкы 50 адамдан кем же жашоочулары жок айылдарды тактоо боюнча катына таянып, Беш-Арал айылын ын айыл макамын жоюу же сактап калуу сунушу келип түшкөндүгүнө байланыштуу, айылдын тарыхый маанисин, географиялык өзгөчөлүктөрүн, социалдык-экономикалык муктаждыктарын жана келечектеги өнүгүү потенциалын эске алуу менен жалпы депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Арал айылынын айыл макамын сактап калуу боюнча чечим кабыл алынсын.
2.Беш-Арал айылынын калкынын санын жогорулатуу, инфратүзүмүн өнүктүрүү жана жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча айыл өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабекова сунуштарды карап, тиешелүү министирликтер менен тактоо жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке маалымат катары жөнөтүлсүн.
4.Токтомду аткарууда мыйзамдуулугун карап тиешелүү компетенттүү органдар менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага жана муниципалдык менчик, жер жана турак жай боюнча башкы адис И.Батырбековго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | М.М.Козубаев |