Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры №13/5
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Жаны-Жол айылынын Үчкошон чөлкөмүндө жайгашкан, жалпы аянты 2,8 га, жер аянтын жана Тендик айылынын күн батыш тарабындагы, жалпы аянты 5,09 га, дан кампаны муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү туралуу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана тулкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жаны-Жол айылынын Үчкошон чөлкөмүндө жайгашкан, мурдагы Беш-Сары ЖЧКнун авто базасынын жалпы аянты 2,8 га жерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тендик айылынын күн батыш тарабындагы, жалпы аянты 5,09 га дан кампаны муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
3. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясын жүктөлсүн
Төрага | Р. Жолдошбеков |