Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры №13/6
Асель бала бакчасына өздүк салым катары акча каражат бөлүү жөнүндө
Кочкор айылындагы Асель бала бакчасынын жылытуу системасын, полдорун жана эшиктерин алмаштыруу курулуш иштерин каржылоо максатында Дем берүүчү грантка даярдалган 8 046 238 долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 3 046 238 сомду бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылындагы Асель бала бакчасынын жылытуу системасын, полдорун жана эшиктерин алмаштыруу курулуш иштерин каржылоо максатында Дем берүүчү грантка даярдалган долбоорго Ормон-Хан айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 3 046 238 (үч млн кырк алты мин эки жүз отуз сегиз) сом бөлүнсүн.
2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |