Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры №13/7
Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебине өздүк салым катары акча каражат бөлүү жөнүндө
Кара-Күнгөй айылынын Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин айланасын тосуу иштерин каржылоо максатында Дем берүүчү грантка даярдалган жалпы наркы 5 293 879 сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 058 776 сомду бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Күнгөй айылынын Аблес уулу Алайдар а.о.м айланасын тосуу иштерин каржылоо максатында Дем берүүчү грантка даярдалган долбоорго Ормон-Хан айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 058 776 (бир млн элүү сегиз мин жети жүз жетимиш алты) сом бөлүнсүн.
2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |