Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры №13/8
Семиз-Бел айылындагы кичи футболдук аянтчага өздүк салым катары акча каражат бөлүү жөнүндө
Семиз-Белайылынын кичи футболдук аянтчасынын торлорун, прожекторлорун жана газонун алмаштыруу иштерин каржылоо максатында Кочкор районунун өнүктүрүү фондуна даярдалган жалпы наркы 2 260 388 сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 339 058 сомду бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Семиз-Белайылынын кичи футболдук аянтчасынын торлорун, прожекторлорун жана газонун алмаштыруу иштерин каржылоо максатында Кочкор районунун өнүктүрүү фондуна даярдалган жалпы наркы 2 260 388 сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 339 058 (үч жүз отуз тогуз мин элүү сегиз) сом бөлүнсүн.
2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |