Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры №13/10
Көк-Жар айылынын обьектилерине өздүк салым катары
акча каражат бөлүү жөнүндө
Көк-Жар айылындагы көчөлөрдү күн аркылуу жарыктандыруу орнотуу жана Т.Усубалиев атындагы орто мектептин алдына брусчатка төшөө боюнча Теңир-Тоо Өнүктүрүү фондуна жалпы наркы 9 961 912 миң сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 992 320 сомду бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айылындагы көчөлөрдү күн аркылуу жарыктандыруу орнотуу жана Т.Усубалиев атындагы орто мектептин алдына брусчатка төшөө боюнча Теңир-Тоо Өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 992 320 (бир млн тогуз токсон эки мин үч жүз жыйырма) сом бөлүнсүн.
2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |