Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын
2025-жылдын 05-декабры №7
“Кошумча түшкөн акча каражатынан Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнө акча каражат бөлүп берүү жөнүндө”
Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары милициянын подполковниги Р.Э.Бусурманкуловдун 25.11.2025-жылдагы №31-8/970 чыгыш сендуу катынын негизинде кызматкерлердин өз ара байланышын үзгүлтүксүз камсыз кылуу, кызматтык байланыш шарттарын жакшыртуу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жалпы депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамынын кызматтык байланыш жаатындагы шарттарын жакшыртуу максатында зарыл болгон байланыш жабдууларын сатып алуу үчүн кошумча түшкөн акча каражаттарынан 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2.Кошумча түшкөн акча каражаттарынан бөлүнгөн 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын талаптарына ылайык иш жүргүзүлсүн.
3.Токтомду аткарууда мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага жана каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.М.Козубаев |