Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры №13/13
Эвакуатор алууга өздүк салым катары
акча каражат бөлүү жөнүндө
Теңир-Тоо Өнүктүрүү фондуна даярдалган эвакуатор HOWO автоунаасын сатып алууга, жалпы наркы 5 700 000 сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 140 000 сомду бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Теңир-Тоо Өнүктүрүү фондуна эвакуатор HOWO автоунаасын сатып алууга даярдалган долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 140 000 (бир млн бир жүз кырк мин) сом бөлүнсүн.
2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |