Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II чакырылышынын
кезектеги XIII сессиясы
2025-жылдын 24-декабры №3
«Шамалдуу-Сай шаардык “Жылуулук менен камсыздоо” муниципалдык ишканасынын 2025-2026-жылда кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу маалыматы жөнүндө»
Шамалдуу-Сай шаардык «Жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасынын 2025-2026-жылда кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу “Жылуулук менен камсыздоо” муниципалдык ишканасынын директору Т. Торокуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезектеги 13 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасынын 2025-2026-жылда кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу “Жылуулук менен камсыздоо” муниципалдык ишканасынын директору Т. Торокуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
3. Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Өнөр жай» боюнча туруктуу комиссиясына (Е.Найманов) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын м.а.: |
З.К. Кеңешов |