Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры №13/14
Шыпыргыч авто унаа жана дөнгөлөк алууга
акча каражат бөлүү жөнүндө
Республикалык бюджеттен бөлүнүп келген 6 052 000 сом максаттуу трансферттин эсебинен жана жетпей калган 148 000 сомду жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошуп, жалпы наркы 6 200 000 сомду түзгөн шыпырып-тазалагыч HOWO автоунаасын сатып алууга, ошондой эле кызматтык Нива автоунаасына 40 000 сомго кышкы комплекти дөңгөлөк сатып алууга макулдук берүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттен бөлүнүп келген 6 052 000 сом максаттуу трансферттин эсебинен жана жетпей калган 148 000 сомду жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошуп, жалпы наркы 6 200 000 сомду түзгөн шыпырып-тазалагыч HOWO автоунаасын сатып алууга макулдук берилсин.
2. Кызматтык Нива автоунаасына 40 000 сомго кышкы комплекти дөңгөлөк сатып алууга макулдук берилсин.
3. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |