Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-ноябры №12/2
Жер алмашуу жөнүндө
И Арабаев атындагы орто мектебинин чыгыш-түштүк тарабындагы жер аянтын Визит кафеси жайгашкан жер аянтына алмашууга макулдук сураган Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана тулкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. И.Арабаев атындагы орто мектебинин чыгыш-түштүк тарабындагы муниципалдык менчикте турган жер аянтын Кочкор айылынын Орозбаков көчөсү №163 дарегинде жайгашкан «Визит» кафесине тиешелүү жер аянтына алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төраганын орун басары |
|