Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 6 - сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 6/1
Жоош айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын, инвестицияларды жана гранттарды тартуу жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы, 2024-жылдагы ашып калган калдык акча жана 2023-жылдын жыйынтыгы менен ”Эн мыкты айыл өкмөтү” аталыштагы кароо сынакта 1-орунду женип алгандыгы үчүн Республикалык бюджеттен берилген 3000,0 миң сом акча каражаты боюнча айыл өкмөт башчынын отчету жөнүндө.
Жоош айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын,инвестицияларды жана гранттарды тартуу жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы,2024-жылдагы ашып калган калдык акча жана 2023-жылдын жыйынтыгы менен ”Эн мыкты айыл өкмөтү” аталыштагы кароо сынакта 1- орунду женип алгандыгы үчүн Республикалык бюджеттен берилген 3000,0 миң сом сыйлыкка алынган акча тууралуу айыл өкмөт башчынын отчетун угуп жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык кеңешинин 8-чакырылыш кезектеги 6 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жоош айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы,жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын, инвестицияларды жана гранттарды тартуу жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчынын отчету канаатандырарлык деп табылсын.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинен 15954,4 миң сом ашып калган калдык акча каражаты, анын ичинен негизги бюджеттен 14965,0 миң сом жана атайын каражаттардагы 989,4 миң сом акча каражаты кошумча сметанын негизинде жумшоо жагы сунушталсын.
3. Жоош айыл өкмөтү, 2023-жылдын жыйынтыгы менен ”Эн мыкты айыл өкмөтү” аталыштагы кароо сынакта 1-орунду женип алгандыгы үчүн, Республикалык бюджеттен берилген 3000,0 миң сом акча каражаты кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |