Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-ноябры №12/3
Акча каражат бөлүү жөнүндө
Кочкор айылынын Орозбаков көчөсү №165 дарегинде жайгашкан мурдагы автошколанын жер тилкесин, Орозбаков көчөсү №167 дарегинде жайгашкан мурдагы автобазанын ичинен 0,36 га жер тилкесин сатып алууга Ормон-Хан айыл аймагынынын бюджетинен болжолдуу 10 (он) млн сом акча каражат бөлүп берүүгө макулдук берүү туралуу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана тулкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын Орозбаков көчөсү №165 дарегинде жайгашкан мурдагы автошколанын жер тилкесин жана Орозбаков көчөсү №167 дарегинде жайгашкан мурдагы автобазанын ичинен 0,36 га жер тилкесин сатып алууга 10 000 000 (он млн) сом акча каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | С. Орозакунова |