Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 6 - сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 6/2
Жоош айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетилиши жана аукциондордун өтүшү, жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу,”Абзел - Жоош”тазасуу, ”Султан - Наз” агын суу ишканаларынын аткарган иштери,тарифтерин оптималдаштыруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Токторбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 6-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетилиши жана аукциондордун өтүшү боюнча, айыл өкмүтүнүн башчысынын орун басары Н.Токторбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн ”Абзел - Жоош” таза суу муниципалдык ишканасынын аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |