Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-ноябры №12/4
Ормон-Хан айыл аймагынын 2025-2030-жж карата социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасы жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын 2025-2030-жж карата социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагынын 2025-2030-жж карата социалдык–экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | С. Орозакунова |