Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-ноябры №13/5
Эстеликтерди коюга убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө
Кочкор айлынын Сейил паркынын аймагына бюсттарды жана эстеликтерди коюга убактылуу чектөө киргизүү боюнча депуттардын сунушун угуп, талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айлынын Сейил паркынын аймагына бюсттарды жана эстеликтерди коюга 3 жылдык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | С. Орозахунова |