Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры №11/1
Сейил паркынын ичинен спорт комплекс курууга
жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сейил паркынын ичинен Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине спорт комплекстин имаратын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгөжанаал жер аянтынмуниципалдыкменчиктен Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине өткөрүп берүүгөмакулдук берүү туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын Сейил паркынын түштүк-чыгыш тарабынан спорттук комплекс куруу үчүн 0,80 га жер бөлүп берүүгө жана аталган жер аянтын муниципалдык менчиктен Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине спорт комплекстин имараты курулуп жана ачылгандан кийин, аталган мектебинин эски имаратын Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |