Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры №11/2
Кочкор айылынын Стадион участкасынан жер аянтын трансформация кылууга макулдук берүү жөнүндө
Кочкор айылынын М.Садыков атындагы стадионуна септик куруу үчүн Ормон-Хан айыл аймагынын Кочкор айылынын Стадион участкасынан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 0,20 га жер аянтын трансформация кылууга макулдук берүү туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. М.Садыков атындагы стадионуна септик куруу үчүн Кочкор айылынын Ормон-Хан паркынын батыш тарабынан Стадион участкасынан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 0,20 га жер аянтын трансформация кылууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |