Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры №11/3
IV Элдик Курултайга Ормон-Хан айыл аймагынан делегаттарды
шайлоону уюштуруп, өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Ормон-Хан айыл аймагынын калкынын саны 31 785 болгондуктан, жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өкүлдөрдүн жалпы саны 150 деп бекитилсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өкүлдөрүн шайлоону уюштуруп, өткөрүүгө жумушчу тобунун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына катышуучу өкүлдөр Ормон-Хан айыл аймагындагы баардык айылдарынын калкынын санына жараша пропорционалдуу шайлансын (№2 тиркемеге ылайык).
5. Ормон-Хан айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктун жыйына катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2025-жылдын 17-октябрынан 20-октябрына чейин белгиленсин (№3 тиркемеге ылайык).
6. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү күнү 2025-жылдын 1-ноябры деп белгиленсин ( №4 тиркемеге ылайык).
7. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларына жана жумушчу топко жергиликтүү коомдоштуктун жыйына катышуучу өкүлдөрүн шайлоо боюнча жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |