Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры №11/4
Токтомду жокко чыгаруу жөнүндө
Ормон-Хан айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 28-февралындагы “Ормон-Хан паркына тиешелүү жерге септик курууга макулдук берүү жөнүндө» №4/5 Токтомун жокко чыгаруу туралуу депутаттардын сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34, 39 -беренелерин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. М.Садыков атындагы стадионуна септик куруу үчүн 2025-жылдын 14-октябрындагы “Кочкор айылынын Стадион участкасынан жер аянтын трансформация кылууга макулдук берүү жөнүндө» № 11/2 Токтому менен жер аянтын трансформация кылуу үчүн макулдук берилгендиктен, мурда кабыл алынган М.Садыков атындагы стадионуна септик курууга макулдук берүү боюнча Ормон-Хан айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 28-февралындагы “Ормон-Хан паркына тиешелүү жерге септик курууга макулдук берүү жөнүндө» №4/5 Токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, депутаттык этика, мандат, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |