Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 2
“БИРИМДИК” муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттен субсидия ажыратуу жөнүндө
“БИРИМДИК” муниципалдык ишканасынын кайрылуу катын карап чыгып, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. “БИРИМДИК” муниципалдык ишканасына 1 000 000,0 (бир миллион) сом акча каражатын субсидия катары ажыратууга макулдук берилсин.
2. Аталган акча каражатын бөлүп берүү жана максаттуу пайдалангандыгын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ө.Шералиевге жүктөлсүн.
3. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтом Бирлик айылдык кеңешинин www.birlik.gov.kg/admin/ сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Гафуров |