Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 3
Бирлик айыл аймагында 2026-жылы аткарылуучу болжолдуу жумуштарга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Бирлик айылдык кеңеши бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Таблицадагы жумуштар демөөрчүлөрдөн колдоо тапкан учурда жергиликтүү бюджеттен төмөнкү көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратууга макулдук берилсин.
№ | Аталышы | Демөөрчүлөр | Демөөрчүлөрдүн салымы | Жергиликтүү бюджеттен салым (сом) | Жалпы суммасы (сом) |
1 | Молот толук эмес орто мектебине от казан куруу | Дем берүүчү грант | 3 000 000 | 589 609 | 3 589 609 |
2 | А.Шамурзаев орто мектебине спорттук залын капиталдык ремонттон өткөрүү | Дем берүүчү грант | 3 000 000 | 601 239 | 3 601 239 |
3 | Жал, Жаңы-Коргон айылындагы спорттук залды капиталдык ремонттоо өткөрүү | Кадамжай өнүктүрүү фонду | 1 224 239 | 500 000 | 1 724 239 |
4 | Ормош айылындагы спорттук залды капиталдык ремонттон өткөрүү | Кадамжай өнүктүрүү фонду | 729 603 | 500 000 | 1 229 603 |
5 | “Келечек” балдар бакчасынын айнек эшиктерин алмаштыруу | Кадамжай өнүктүрүү фонду | 1 833 929 | 500 000 | 2 333 929 |
6 | Сырт “Чабалекей” бала бакчасынын Б блогун куруу | Кадамжай өнүктүрүү фонду | 4 000 000 | 552 925 | 4 552 925 |
7 | Мал базарды курулушу | Кадамжай өнүктүрүү фонду |
|
|
|
8 | Моло айылына аллея куруу | Соц өнүгүү | 100 000 | 200 000 | 300 000 |
9 | Жаңы-Сырт айылынын Кыргызстан көчөсүнө күндөн энергия алуучу жарыктандыруу орнотуу | Соц өнүгүү | 100 000 | 120 000 | 220 000 |
10 | 6 айылдын мечиттерине отургуч орнотуу | Соц өнүгүү | 100 000 | 150 000 | 250 000 |
11 | 6 айылдын мечиттерине отургуч орнотуу | Соц өнүгүү | 100 000 | 150 000 | 250 000 |
12 | Эшме айылындагы ички эки жолго түнкү жарыктандыруу орнотуу | Соц өнүгүү | 100 000 | 180 000 | 280 000 |
13 | Ынтымак айылына скважина чыгаруу | Кадамжай өнүктүрүү фонду | 3 000 000 | 500 000 Элдик салым 500 000 | 4 000 000 |
2.Аталган акча каражатын бөлүп берүү жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ө.Шералиевге жүктөлсүн.
3.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтом Бирлик айылдык кеңешинин www.birlik.gov.kg/admin/ сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Гафуров |