Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры №11/5
Кочкор автобекетин тейлөө үчүн
жаны муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө
Кочкор айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги автобекетин тейлөө үчүн жаны муниципалдык ишкана ачуу боюнча айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги автобекетин тейлөө үчүн жаны муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жана жаңы түзүлгөн муниципалдык ишкананы уюштурууда, уставын бекитүү, катоодон өткөрүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарылышын камсыз кылуу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |