Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 6 - сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 6/6
Кыргыз почтасы ААКнун №2-30 20.02.2025-ж. каты жана Кара Суу дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин 08.02.
2025-ж.№4 протоколун кароо жөнүндө.
Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы А.З.Балтабаевдин ” Кыргыз почтасы “ ААКнун №2-30 20.02.2025-ж. каты жана Кара Суу дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин 08.02.2025-ж. №4 протоколу боюнча бидирүүсүн жана Жоош айылдык кенешинин алдындагы жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнчатуруктуу комиссиянын 22.04.2025-жылдагы кортундусу боюнча билдирүүнү угуп жанаталкуулап чыгып Жоош айылдык кеңешинин 8-чакырылыш кезектеги 6- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жоош айыл өкмөтүнүн Кум Арык айылындагы ”Сарылар”,Калинин айылындагы ”Кутчу”, Кызыл Кошчу айылындагы ”Кызыл Кошчу” почта байланыш бөлүмдөрү жайгашкан имараттар айыл өкмөттүн муниципалдык менчиги болгондуктан, аны” Кыргыз почтасы “ААКнун балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилбесин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Коммунизм айылында жайгашкан Кара Суу дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин 08.02.2025-ж.№4 протоколунун негизинде,мектепке ат коюп берүү маселеси айылдык кенештин компитентциясына кирбегендиктен,аны чечүү үчүн райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылуу керек экендиги белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |