Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 6 - сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 6/7
Ак Текс ишканасына завод куруу үчүн, Зарбалик айылынан №387 контурдагы 2,0 гасугат айдоо жер аянтына индустриалдык-логистикалык парк куруу үчүн трансформациялоого макулдук
берүү жөнүндө.
Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы А.З.Балтабаевдин бидирүүсү боюнча, Зарбалик айылындагы №387 контурдагы 2,0га сугат айдоо жер аянтына, индустриалдык-логистикалык парк куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан, өнөр, жайынын, транспорттун, байланыштын,энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү боюнча,Кара Суу райондук мамлекеттик администрациясынын «Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргүзүү жөнүндө» түзүлгөн райондук комиссиянын 05.03.2024-жылдагы кортундусунун жана Жоош айылдык кенешинин алдындагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын 23.04.2025-жылдагы кортундусунун жана комиссиянын протоколу боюнча билдирүүсүн угуп жанаталкуулап чыгып, Жоош айылдык кеңешинин 8-чакырылышнын кезектеги 6- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылындагы №387 контурдагы 2,0га сугат айдоо жер аянтына, индустриалдык-логистикалык парк куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан ” өнөр,жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |